Апамды жамандасам, чоң энем «биздин каныбыз» деп бетимден өөп калчу
Ар дайым апам жиберген белектерин ыргытчумун “Эмне келдиң?”, “Жолобо мага!”, “Сен мени таштап кеткенсиң””, “Белектериңди алып кет, болбосо ыргытам!”. Бечара апам, “уулум”,- деп маңдайымда буркурап ыйлап турду. Кучагынан жулкунуп чыгып, басып кеттим. Арадан төрт жыл өттү. Бул окуя дале жүрөгүмдү оорутат. Себеби апамды ошол күнү акыркы ирет көрүпмүн.

Алты жашымда ата-энем чоң ызы-чуу менен ажырашты. Үйдө идиш-аяктын баары сынды. Таенем менен чоң апамдар урушту. Ал күндү унутпайм. Мени атам өзүнө алып калды. Апам инимди алып кетти. Көп жолу келип мени талашып жүрдү. Атам бербей койду.

Мектебиме жашынып келип кабар алып турчу. Акыркы жолу келгенде Россияга иштегени кетип баратканын айтты. Жанымда көпкө чейин ыйлап отурду. Мен анда үчүнчү класс элем.
Убакыт өтүп апамсыз жашаганга үйрөндүм (же үйрөтүштү). Чоң апам ар дайым мага өз апамды жамандап турчу: “Атаң ырас эле ажырашты”, “Апаңа сенин керегиң жок, кана бир басып келип койгону”, “Баласын таштап Россияда жыргап жүрөт да”, “Колунан эч нерсе келбечү, жарыбагыр десе”, “Акмак катын эле”, “Ырас сен биз менен калдың, апаң сени карабайт болчу” ж.б. Бара-бара бул сөздөргө чындап эле ишенип, апамды жек көрө баштадым.

Майрамдарда, туулган күнүмдө апам Россиядан таттууларды, кийим-кечектерди салып жиберчү. Чоң апам менен атам ыргытып салышчу. Кийин аларды туурап өзүм ыргытчу болдум.

Апамды жамандап сүйлөсөм, чоң апам кыткылыктап күлүп, “биздин каныбыз”, — деп бетимден өпчү. Бул нерсе мага жагып, ого бетер күчөйт элем.
Бир жолу таенем инимди ээрчитип келди. Чоң апам үйгө киргизбей койду. Таенемдин, “бир туугандар сагынычын таратып алсын”, — деп жатканын билем. Терезеден инимди көрүп ыйлап жибердим. Чуркап чыккым келди. Анте албадым. Чоң апам экөөнү түртүп эшикти жаап таштады. Көз жашымды сүртүп билмексен болуп отуруп калдым.

Он төрттө элем. Апам келди. Чоң энемден, атамдан уккан ачуу сөздөрдүн баарын айттым. Берген белектерин сындырып, тепселедим. Апам ыйлап жатты. Бул учурда чоң энем менен атам мени сыймыктануу менен карап турушту. Өзүмдү баатыр сездим. Апам боздогон боюнча кетти.

Бир айдан кийин жол кырсыгына кабылып каза болду