Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги быйылкы окуу жылын 30-майга чейин узартуу себебин түшүндүрдү. 15-майда онлайн брифингде министрдин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, буга быйыл эс алуу күндөрү адаттагыдан көбүрөөк болгону себеп:

«Жазгы каникулда биз кичине көбүрөөк эс алдык. 1-5-май күндөрү да эс алуу күндөрү болду. Ошондуктан, окуу программасын толук өздөштүрүш үчүн, окуучулар тапшырмаларын жөнөтүп, мугалимдер аларды тактап, суроолоруна жооп берип алышы үчүн, убактылуу журналдан кадимки журналга бааларды көчүрүп, коюу, класстан класска көчүрүү боюнча педагогикалык кеңешмелерди өткөрүүгө даярданып алыш үчүн биз 30-майга жылдырдык окуу жылынын аякташын»,-деди Жусупбекова.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында мектептер 16-мартта жабылган бойдон ачыла элек. Министрлик быйылкы окуу жылы аралыктан жыйынтыкталарын билдирген.