Борбор калаага Түркиядан дагы 300дөн ашуун кыргыз жараны кайтып келди. Стамбулдан чартердик авиакаттам менен алынып келгендердин көбү Түркияда дарылануудан кайткандар, балалуулар жана улгайган адамдар экени буга чейин айтылган.
Учурда Саламаттык сактоо министрлиги чет жактан кайткандардын баарын медициналык байкоого алыш үчүн обсервацияга жаткырууда.