Москва шаарында 28 млн рублга бааланган медициналык бет каптар жүктөлгөн чоң унааларды уурдап кетишти. Жүктү кыргызстандык жарандар коштоп чыкканын «РЕН ТВ» маалымдады.

Болжолдуу маалымат боюнча, жүк ташыган унаалар Екатеринбургдан чыккан. Аны коштогондор бет каптарды Солнечногорсктагы кампага жеткириши керек болчу.

«Жолдон унааларды токтотуп, документ текшеришкен. Ишкер документтерин көрсөтүп жатканда унааларын айдап качып кетишкен. Айдоочулар ишкер менен байланышкан эмес», — деп айтылат телеканалдын маалыматында.

Учурда окуянын чоо-жайын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тактап жатат.

«Унаалардын номуру каттоого алынган эмес. Мындан тышкары ишкердин унаасын жол инспекторлору эмес, унааны уурдагандардын шериги токтотушу мүмкүн деген версия текшерилип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Булак: Турмуш басылмасы