Alibaba нын негиздөөчүсү Джек Ма мындан ары Кытайдын эң бай адамы эмес деп жазат Forbes журналы. Журналдын маалыматына ылайык, Кытайдагы эң бай адамдардын тизмесинде биринчи орунду «Tencent» компаниясынын президенти Ма Хуатен ээледи.

Анын байлыгы 48,3 миллиард долларга бааланат,ал эми Джек Манын байлыгы — 41,2 миллиард доллар. Онлайн оюндарынын эң ири дистрибьютору болгон «Tencent»дин акциялары пандемия учурунда, жыл башынан бери 14% га көбөйүп, биринчи кварталда кирешеси 31% көбөйгөн.

Учурда карантинге байланыштуу көпчүлүк өлкөлөрдө мобилдик оюндарга суроо-талап өсө баштаганы байкалууда.