ИИМдин Академиясында кызматтык милдеттерин өтөп жатып курман болгон кызматкерлерди жана курсанттарды эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин 2015-жылдын 22-майындагы буйругуна ылайык, жыл сайын 15-май күнү кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү катары белгиленип келүүдө.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында да өз өмүрүн аябастан кызматтык милдеттерин өтөп жатып курман болгон кызматкерлерди жана курсанттарды эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарага ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басарлары жана кызматтардын жетекчилери катышты.

ИИМдин Академиясынын «Даңк» мемориалына гүл койгон соң, Эскерүү минутасы жарыяланып, каза болгон кызматкерлердин, курсанттардын элесине арналып куран окулду.