Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, КР ӨКМнин Талас облустук  башкармалыгы тарабынан өткөн сутка ичиндеги дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

2020-жылдын 18-мартынан тартып 15-майга чейин Талас облусунун аймагында 41 045 м2 имараттын ичи, 228 042 имараттын сырты жана 2 053 390 погондук автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 3877 кг хлор жана 800 даана хлор таблеткасы колдонулган.  

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, даарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.