Жыл сайын мектептерде акыркы коңгуроо салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет эле. Бирок, быйыл өлкөдөгү кырдаалды эске алып онлайн түрүндө өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди.

«Биздин журналисттер телеканалдардан жана социалдык тармактардан кетүүчү #менбүтүрүүчүмүн же #явыпускник акцияны кое беришти. Ошондуктан бардык жылдыздарды жана белгилүү адамдарды бул акцияга кошулууну суранып кетем. Биздин бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, маанайларын көтөрөбүз!”, — билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

2020-жылы Кыргызстанда 9-класстын 103 670 окуучусу жана 11-класстын 58 730 бүтүрүүчүсү бар.