Торонтодогу Фонддук биржада өткөн тоорукта канадалык алтын казуучу Centerra Gold Inc компаниясынын акцияларынын баасы 4.21%га кымабаттады.

Тоорук сессиясынын аягында бир акциянын баасы 9.16 (12.88 CAD, +0.52000046 CAD) долларды түзгөн. Кечээ күнү өткөрүлгөн тооруктардын жалпы көлөмү 781 576 акцияны түзгөн.

Ал эми күн ичинде Centerra акциялары 8.71 ден 9.19 долларга чейинки баада сатылган.

Өткөн тооруктардын жыйынтыгында Кыргызстандын Centerra Gold компаниясындагы акцияларынын пакети 709 294 534 АКШ долларына чейин кымбаттаган.

Белгилей кетсек, Centerra Gold компаниясынын акциялары дүйнөлүк ири кен казуучу компаниялардын  Торонто биржасындагы индексинин S&P/TSX Global Gold Index өсүүсүнө байланыштуу кымбаттаган. Кечее күнү S&P/TSX Global Gold Index 3.17 пайызга өсүп, 253.75 АКШ долларына чейин жеткен (356.65 канада доллары).