КоомСаясат

Камчыбек Ташиев: “Күндө байкап жүрөм, Президент жумушка саат 07:15те кетет, премьер-министр 07:45те, спикер 08:00дө”

“Бир маанилүү көрүнүштү байкадым. Пандемия башталгандан бери спортзалдар жабылып, эми күндө эрте менен Тынчтык проспектисинде жөө басам. Күндө эрте менен ушул жолдон Президент, премьер-министр жана спикер жумушка ушул жогоруда көрсөткөн тартипте жөнөшөт.

Эми бүгүн, 2020-жылдын 15-майында булардын жумушка жөнөгөн убактысын так белгиледим: 1. Президент —-саат 7-15. 2. Премьер ——саат 7-45. 3. Спикер ——-саат 8-00. Эмне үчүн бул экөө Президенттен кийин жумушка жөнөшөт? «Калк айтса калп айтпайт» дегендей мамлекеттин жүгүн бир гана Президент колунан келишинче аракеттенип тартып жатат деген чын окшойт…

Эгерде бул жетекчилер Президентти тоготпосо, анда министрлер, башка мамлекеттик кызматкерлер премьер-министрди такыр эле көзгө илбейт экен да… Мына бүгүнкү мамлекетибиздин акыбалы. Эми эртең дагы көрөбүз, премьер менен спикер өзгөрүп, уялып калышаар…”, – деп жазган саясатчы Камчыбек Ташиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button