Чүй облусундагы Жайыл районунун милиция кызматкерлери ортосунда пикир келишпестик чыгып, атышуу болгон. Учурда бул боюнча УКМКнын тергөө кызматы иликтөө жүргүзүп жатат. Аталган комитеттин басма сөз кызматынын берген маалыматында “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен аталган кызматкерлерге иликтөө жүрүп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө эмне себептен ок атышуу болгону аныкталат деп айтылат.

Ал эми жергиликтүү басылмаларда бул окуя: “6-апрелден 7-апрелге караган түнү өзгөчө кырдаал учурунда Алексеевка айылындагы блокпостто турган Жайыл районунун милиция кызматкерлери кыз талашып ич ара мушташа кетишкен. Милициялар блокпостто туруп ичимдик ичишкен.

Постто жарандардын дене табын текшерип турган медик кыз үчүн кылмыш иликтөөнүн кызматкери Н.О. жана тергөөчү И.Э. ортосунда чыр чыккан. Н.О. тергөөчүнү тээп жибергенде, ал тапанчасын алып чыгып кесиптешин көздөй ок чыгарган. Натыйжада ок бутуна тийген.”-деген маалымат таралууда.