Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, эпидемия учурунда жарандар жана ишкерлердин көпчүлүгү мамлекет тарабынан жазылган буйрукту аткарышпай жатат.

«Айрым ишкерлер дүкөндөрдө, соода түйүндөрүндө бет кап кийип, эрежени дээрлик сакташпайт, же санитардык нормалар каралган эмес, же дизинфекциялоочу каражаттары таптакыр жок! Кээ бирлери ачылган, бирок алар уруксат берилген ишканалардын тизмесине киргизилген эмес », — деп билдирди мэрия.

Мэрия борбор калаа тургундарына кайрылып, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун буйругуна ылайык, санитардык эрежелерди бузгандарга санкциялар киргизилээрин эскертет .

Текшерүүлөр Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Эске салсак, Экинчи категориядагы эреже бузууларга ылайык айып пулдун көлөмү : жеке адамдар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактар ​​үчүн 13 миң сом.