Коом

Ош шаарында эки курулуш компаниянын иши убактылуу токтотулду

Бүгүн, 15-майда Ош шаарында уруксат берилген тармактарда санитардык-гигиеналык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейд өтүп, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов өзү текшерип чыкты.

Калаа башчысы алгач шаардык салык кызматынын иши менен таанышып, салык кызматына келген жарандар менен пикир алышты. Андан кийин карантиндик-санитардык постторго барып, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мэр автоунаа тетиктерин саткан базар, азык-түлүк жана курулуш материалдарын саткан базарларды да кыдырып, санитардык абалдарды так сактоого чакырды.

Рейддин жүрүшүндө санитардык жана курулуш нормаларын сактабаган эки курулуш компаниянын иши убактылуу токтотулду. Көп кабаттуу үйдү куруп жаткан жумушчуларга санитардык абалды сактоого шарт түзүлбөй, курулуш нормалары да сакталган эмес.

“Рейд өткөрүүдөн максат санитардык талаптарды аткарууга чакыруу. Коронавирус илдети Ош шаарында да көбөйүп жатат. Жугуштуу ооруну жайылтпоо үчүн санитардык нормаларды так сакташыбыз керек. Ош шаарында карантин жарыяланган. Башка райондордон себепсиз Ош шаарына келбеш керек. Биз ар бир тармакты көзөмөлдөп турабыз. Талаптарды аткарбагандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт”,-деди шаар мэри.

Ош шаарында 11-майдан тарта өзгөчө абал алынып, карантин жарыяланган. 1-майда жана 11-майда бир канча тармакка ишин улантууга уруксат берилген. Шаар аймагында 8 карантиндик-санитардык постор, шаар ичинде көчүп иштөөчү жыйырмадан ашык посттор ишин жүргүзүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button