Коом

Бала бакчалар июнь айынан тартып иштеши керек

Депутат Сайдулла Нышанов июнь айынан тарта бала бакчалар ишке кириши керектигин айтты. Бул тууралуу депутат бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында билдирди.

«Бала бакчаларды качан ачабыз? Мисалы көп кызматкерлер иштеп башташты. Алардын балдарына кыйын. Санитардык нормаларды текшерип, бала бакчанын кызматкерлерин текшертип, май айынын соңунда же июнда ачыш керек. Бала бакчага барган балдардын ой жүгүртүүсү башкача болуп, үйдөн кыйналып калат экен. Жумушта дагы кызматкерлер балдарын ойлоп, жыйынтык болбой калат. Европада бала бакчаларды ачып башташты», — дейт эл өкүлү Сайдулла Нышанов.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: «Бала бакча, негизи эле билим берүү мекемелеринин июндун башында ачууну пландаштырып жатканбыз. Бул маселе эпидемиялык абал туруктуу болсо каралат. Сунуш эске алынат», — дейт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button