«Чоң казат» деген долбоор коомдун аң-сезимин олуттуу козгоп койду, бирок муну долбоор деп атоо кыйын. Тескерисинче, үч кишиден турган топ — өлкөнүн байларынын ойлосо оюнан, уктаса түшүнөн кеткилери келбей, ага карата болгон күч аракетин жумшап, авантюралык трюктарды жасап убара тартышууда. Бул дегеле долбоорго окшошпойт.

Анткени, өздөрүн Робин Гуд сезген бул шылуун топтун кайырмагына алар айтып жаткан байлар эмес, баёо эл илинди. Тагыраак айтканда карантиде жатып зериккен эл телефондорун колдорунан түшүрбөгөндүктөн, телефондун нары жагында болушунча эл-жерге күйүмүш эткен эркектердин күбүр кептерине кулак төшөп, алгач аларга таасирленишти.

Бара-бара мурдагы прокуратуранын, атайын кызматтынын кызматкерлери минимум факты менен максимум акча табууну кыялданып жатышканы билинип калды. Алар деле бул ишти бир четинен зериккенинен кылса, экинчи четинен мурда иштеп жүрүп мындай иштерди кылып жүргөн адатына салышты.

Ошентип карантин учурунда көпчүлүктүн маанайын изилдеп көрүп, топтошкон эркектер коррупцияга каршы картаны «ойноону» чечишкен. Бирок, ушул жерден аларга баа берип коюу керек, алар мээлеген ок жазбай тийип, социалдык тармактарда адамдар тарабынан — миңдеген көрүүлөр, хайптар камсыз болду.

Алар өздөрүнүн «кара тизмесин» түзүп, ал жакка Акаев башкарууга жаңыдан келген кездеги башаламандыкта балкадан баштап, завод-фабриканы «менчикке» чыгарып алган, минералдык ресурстарды жана металлдардан өйдө сыртка саткан делген экстер кирген. Ошол экстердин арасына эмнегедир Бакиев жана Атамбаев кирбей калган.

Андан соң «кухнядан» оозго алгыс сөздөр менен сөгүнмөй, ашатмай, караламай башталды. Биринчилерден болуп Кубанычбек Жумалиевге карата караламай башталды. Ага асылгандары аз келгенсип, элине чыгармасы менен эмгеги сиңген аялына кошо асылышты. Тизменин кийинки курмандыгы Чыныбай Турсунбеков болчу, бирок ал булар менен «согушуп» отурууну каалабай, «ылайчылардын»сураган суммасын берип мээсинин тынчтыгын тандап алганын билгендер айтышты.

Ошол себептен чоңказатчылардын тизмеси Чыныбайдан секирип, «жабырлануучулардын» кезеги бузулуп, караламай акциясы Динара Исаевага барып такалган. Бул айым алардын шантажына кандай реакция кылат азырынча белгисиз. Аларга каршы турабы же катуу каршылыкты көрсөтөбү көрө жатарбыз? Кайсы бирин айтсак дагы, эйфорияга алдырган «Робин Гуддардын» чындап мээси айнып калды.

Көргөн адам топтогулардын бири Сыймык Жапыкеевдин акыл-эстен тайдырган, кайфты карматкан чөптөн жыттап аларын дароо байкашты. Айрымдар сайынып алат экен-деп ачык айтып атышат.

Ал жагын айтып күнөөсүн көтөрбөйлү бирок, акыры бул массалык психоз кандай бүтөөрүн божомолдош кыйын жана анын кандай бүтөөрү көбүнө кызык болуп турат. Бир нерсени айтып коюш керек, кандай болгон күндө да булар опузалоо менен коомдо ордун таба алышпайт.

Кыскасын айтканда, өздөрүн салгылашуу талаасындагы жоокерлердин командири сезишкен, «кухня баатырларынын» байларды кууп чыгабыз, таш бараңга алабыз — деп акырында митинг, баш аламандык, ызы-чууну кылууну көксөгөн тилектери айкын болду.