Белгилүү теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова бул ирет уулуна арнап пост жазды. Анын айтымында ар бир ата-эне өз бактысын тапканга акылуу. Бул ой менен актриса жана алып баруучу эмнени кыйытты же жакында турмуш жолуна аттанганы турабы? Текст өзгөртүүсүз берилди.

 Ариетим, сен сүйүүдөн жаралган баласың, билесиңби? Сени каалап, күтүп жаратканбыз. Курсагымда жүргөнүңдө жомок окуп, ыр угузуп, англис тилин окуйт элем. Атаң экөөбүз сени менен сүйлөшчүбүз. Сен баарын түшүнчүсүң.

Доктурга УЗИге барганда дайым туура эмес жатып, же киндикке оролуп алат элең. Үйгө келгенде сени мн кадыресе чоң кишидей сүйлөшөбүз. “Түз жат, ордуңду тап” дейт элек. Анан калыбыңа келип, туура жатчусуң. Жынысыңды да тогуз ай бою көргөзгөн жоксуң.

Бирок сенин эркек экениңди жазбай билдик, сездик. Энергияң күчтүү эле. Чоң энем кичинекейимди боюнда бар келиндерди ырымдаганын көрчү элем. Анан курсагынын түзүлүшүн карап туруп эле кыз-эркек экенин айтып берчү.

Мен да энемен үйрөнүп алгам. Курсагым тик болду. Анан эт, кылгырган майды, камырды эркек эле суратмак. Бети башымдын баарын май кылып, койдун төшүн бетине кийип алып, уулдун энеси гана жемек.

Анан жылкычы болчусуң. Жылкычылар гана түнү уктабай, шырылдаңды созуп, жылкы кайтарып чыгат.

Сен да түндөсү өзөртө тепкилеп, курсагымдын формасын бузуп, колу-бутуңду чоюп, уктатпай чыгар элең. Андайда атаң сүйлөшүүгө өзү киришчү.

Дароо тынчып калчусуң. Сен төрөлгөндө экөөбүз тең чарк айландык. Ушундай ачык, коркконду билбеген бала болчусуң. Бакчада бирөөнүн курсагын, бирөөнүн кулагын тиштеп, дагы бирөөнүн оюнчугун талкалап келчүсүң.

Биз дайым сенин ордуңа тил укчубуз, бирок тентектигиңе аябай жыргачубуз. Ата-энеңдин укмуштуудай сүйүүсүнө малынып, мээримине чулганып, ата- энеңдин бири-бирине болгон сүйүүсүн көрдүң. Сага суктанчумун. Өзүмдө болбогон нерсе сенде бар экенине сугумду далай арттым. Көзүм өтүп кетти көрүнөт.

Кечирип кой, кичине капа кылдык. Бирок бил, ата-энең өз бактысын тапканга акылуу. Анткен менен сени экөөбүз тең мурдагыдай жакшы көрөбүз, мээримибизге бөлөйбүз. Анткени сен бизге абдан керексиң! – деп жазды.