Жыл сайын, 15-май ички иштер органдарынын кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон кызматкерлерин эскерүү күнү, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, өлкөбүздөгү оор кырдаалга карабастан, өлкөбүздүн аймактарында кызматка ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөө маалында көз жумган кызматкерлерди эскерип, ар түрдүү иш-чаралар карантиндик эрежелерди сактоо менен өткөрүлүүдө.

Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү ИИМдин жетекчилиги жыл сайын унутпай көңүл бурушкандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдиришти.

ИИМдин басма сөз кызматы