Баткенде үстүбүздөгү жылдын башынан 1-майга чейин 42 бажы эрежесин бузуу катталган. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдырахманов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып 189 миң сом айып пул салынып, толугу менен төлөнгөн. Ал эми 639,3 миллион сом бажы төлөмү өндүрүлгөн.

«Лейлек районундагы бажы өткөрмө бекетинен 2019-жылы январь-май айында болгону 15 миң сом түшкөн. Ал эми быйыл ушул мезгил аралыгында 5,2 миллион сом чогулду. Бул өтө чоң сумма. 5,2 миллион сомду мамлекетке төлөбөй аткезчилик менен алып кетип турган», – деди Абдырахманов.