Бала бул бакыт. Кечке чарчап иштеп келип, кучагыма кысып жыттап алсам эс алам — деп курбу кызым айткан сайын жан дүйнөм эңшерилип, дүйнөм тарый түшөт.

Анткени, турмуш куруп жолдошум экөөбүз чогуу жашагандан бери 7 жылдын жүзү болду. Балалуу болгон жокпуз. Каранып, дарыландык, кемпир келеч, молдо бакшы баарына, бирок бала көрбөдүм. Жолдошума ыраазымын айтканыма көнөт. Башкалар сыяктуу төрөбөдүң деп кемсинтпейт.

Көзүм менен тең айланып турат. Бир күнү сурагат энелер менен сүйлөшүп балалуу бололу дедим. Өзүң бил деп койду. Бирок эмнегедир бир нерсе айталбай кыйналып жаткандай сезилди. Арадан убакыт өттү.

Менин оюмдун баары бала. Отурсам турсам кудайдан тиленем. Жолдошум баягыдай эле жайдары. Жумушуна барат келет. Үйдө кино көрүп жаткам, телефонума келген чакыруудан чочуп кеттим. Алсам курбу кызым, кафеге чакырды сүйлөшүп чер жазып отуралы дейт.

Макул болуп, өтүп бардым. Өткөн кеткенден кеп кылып отурдук. Бир кезде курбум, сен акылдуу аялсың, жолдошуң өмүр бою сени карап өтпөйт, бала багып алсаңар анын ден соолугу кандай болот? Ата-энеси кандай немелер ким билет, менде жакшы тааныш кыз бар сурагат эне болот деп калды. Көктөн издегеним жерден табылып аябай кубандым.

Ошентип тилегим орундалып, бала күтүп жаттык. Баланын артынан ачуу чындык ачылат деп күтпөгөн элем. Баланы колума алаарда, тиги сурагат болгон кыз так секирип каршы чыгып туруп алды. Асты үстүнө түшүп 8 ай жанынан чыкпай карадым. Анан экөөбүз айтыша кеттик.

Ошондо жаш эмеспи, кызуу кандуулукка алдырып, эже, сиз кандай адамсыз, күйөөңүз мага жасаган мамилесин көрбөй жатасызбы? Бул эч кандай жасалма жол менен боюма болгон жок. Жумушта корпоратив болуп, мастыкка-жаштыкка алдырып жолдошуңуз менен жатып алгам деди.

Нес болуп катып калдым. Бир чети баланы күтүп сүйүнүп жатсам, экинчиден жолдошумдун көзүмө чөп салганы жан кейитти. Эгер мен үйдөн кетсем, жалгыз башым кайда барам?

Эмнеге мага эртерээк эле айтпаган бул кыз. Орто жолдо калдым. Көрсө, жолдошум курбу кызым менен сүйлөшүп мени көндүрүп, баланы алып кызга чоң акча бермек экен. Бирок бала көтөрүү оңой эмес экенин, анан биздин жашоо шартты көрүп, жаш кыз баладан кечүү ниетинен кайткан экен.

Мен жөн эле үчүнчү адам болуп калдым үйдө. Кийимдеримди чогултуп, айылга кетип калдым. Балким мага ылайык бирөө бар чыгар, айтат эмеспи, ар кандай кыйынчылыктын артында жакшылык турат деп.