ИИМдин, Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук райондук ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 24 жаштагы такси айдоочуну өлтүрүүгө шектүүлөр кармалышты. 2020-жылдын 12-март күнү ички иштер органдарына болжол 20-25 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизенде Сокулук районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу Белек айылына жакын жерден жансыз денени табышып, кароо жүргүзүү учурунда киши колдуу болуп каза болгондугу маалым болгон.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү учурунда каза болгн жарандын өздүгү аныкталып, ал 24 жаштагы А.Ж. аттуу жаран экендиги жана Бишкек шаарында такси айдап жүргөндү маалым болгон.

Буга чейин Бишкек шаарынан Ленин райондук ИИБдин кызматкерлери тарабынан табылган автоунаа каза болгон жаранга тиешелүү экенидиги аныкталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы киши өлтүрүүгө шектелип, 21 жаштагы Ж.Р., 24 жаштагы А.Б. жана 31 жаштагы П.Ж. аттуу жарандар кармалышкан.

Белгилеп кетүүчү жагдай шектүүлөрдүн экөөсү Талас облусунда качып жүргөн жеринен кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча окуя, каза болгон жаран менен шектүүлөрдүн биринин ортосунда чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы