Мындай маалымат Президент Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын төрайымы Нургүл Бакированы кабыл алган учурда белгилүү болду.

Комиссияга келген кайрылууларды кароонун жыйынтыгында 223 кайрылуу боюнча судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган, алардын ичинен 18 судьяга сөгүш жарыяланып, ал эми 155 судьяга алдын ала эскертүү, 42 судьяга эскертүү берилген.

Кынтыксыз болуу талаптарынын бузулушуна байланыштуу 8 судьяга карата мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө таза иштеген судьялар аз эмес экендигин, бирок ага карабастан айрым судьялар кынтыксыз болуу талаптарын бузган фактылар болуп жатканын белгиледи.