Кыргызстанда 16-20-май күндөрү аба ырайы өзгөрүп мезгил-мезгили менен жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 16-майда күндүз жана 17-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын, 18-майда күндүз Баткен облусунун, 19-майда жана 20-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт.

Айрым жерлерде мөндүр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай аба ырайы айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.