Аналитиктер дүйнө жүзүндөгү биринчи триллионердин атын болжолдуу түрдө  аташты. Ал дүйнө жүзүндөгү эң ири америкалык Amazon соода уюмунун негиздөөчүсү Джефф Безос болуп калуусу толук ыктымал. Адистердин эсептөөсү боюнча америкалык бул ишкердин байлыгы 2026-жылы дал ушундай көлөмдү түзөт.

Учурда Безостун байлыгы – 144 миллиард доллар. Ошол эле учурда коронавирустук инфекция менен байланышкан шарттардагы онлайн-сатып алууларга болгон суроо-талаптардын көбөйүүсүнө байланыштуу анын кирешеси болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта көбөйүүсү мүмкүн.

Белгилей кетчү нерсе Amazon акцияларынын баасы учурда өсүп жаткандыгын көрүүгө болот. Өткөн жылы Безостун байлыгы 24,4 миллиард долларга  көбөйгөн.