Улуу инсандын бейнесине сүртүмдөр

Анекдотко окшош, бирок кашкайган чындыктан бир үзүм: өз мезгилинде Абдыкадыр Орозбеков менен Юлдаш Ахунбабаев экөөсү арабага олтуруп алып: “Бул жерди сен, а тиги жерди мен алайын” – деп, Кыргызстан менен Өзбекстандын чегин бөлүшкөндөй мисалдар, жашырганда не, айрыкча түштүк тарапта көп эмес беле (бул туурасында улуу муундагы аталарыбыз өтө жакшы билишет). Эгерде, ошондой оомал-төкмөл мезгилде Исхак Раззаков өзүнүн саясий эрктүүлүгүн, мекенчилдигин көрсөтпөсө, бул көрүнүш, балким, өзгөрбөй кала бермек. Көп жерлерибиз азыркыдан беш бетер башка элдердин карамагына өтүп кетмек. Кийин КПСС БКнын саясий бюросунун мүчөлүгүнө кандидат болгон Шараф Рашидов Казакстандын Бостанлык районун Өзбекстанга кошуп алгандай эле, биздеги көптөгөн “аралдар” менен “аралчалар” оңой гана дагы бир демографиялык плацдармга айланып кетмек. Кеменгерлик дегендин өзү мына ушул эмеспи!..
Жетим балалыкты башынан кечирген Исхак Раззаков мектеп балдарына акысыз тамак берүү деген өзүнүн тарыхый чечими тууралуу 1957-жылы 17-октябрда КПСС БКга кабарлаган. Анда республикалык КП БК жана Өкмөт ошол жылдын 1-октябрынан тартып шаарлар менен жумушчу шаарчалардагы башталгыч, жети жылдык жана орто мектептердин 1-4 класстарынын, ал эми 1958-жылдын башынан тартып 1-7 класстардын окуучуларына бир маал акысыз ысык тамак берүүгө токтом кабыл алышканы айтылган. Мында эч кандай кошумча каражат керектелген эмес. Планды аткарууда ашыкча табылган киреше пайдаланылаары көрсөтүлгөн. Айта кетчү нерсе, ашыкча кирешени республика кандай чыгымдаса өз эрки деген КПСС БК менен министрлер Советинин чечими ага негиз кылып алынган.
Адегенде 60 миң, ал эми жаңы окуу жылынан тартып 80 миң балага бекер тамак берилип, алардын ден соолугун чыңдоого эң жакшы шарт түзүлмөкчү эле!
СССРде биринчи болуп көтөрүлгөн бул революциялык демилгенин тагдыры тууралуу айтып жатып, ал убакта Ош обкомунун катчысы болуп иштеген Баки Эшмамбетовдун төмөндөгү эскерүүсүн келтире кетсек туура болот:
“ – Ленинабад шаарындагы “Памир” деген ресторандын тушунан өткөндөн кийин, Исхак Раззакович айдоочуга оң тарапка бурулуңуз деди да, биз бир узун көчө менен кеттик” – деп баяндайт, тажик жергесиндеги бир окуяны Баки карыя. “Анан, сол тарапка бурулуп, кичинекей жолдо бара жатсак, бир чоң терек түбүнөн кыйылып, көчөнү тосуп калыптыр. Аны айланып өтүп, эски чоң коргонго жеттик. Исхак Раззакович эч нерсе айтпастан токтоп туруп, бир да жан көрүнбөйт го деди да, артка кайтты. Мен эч нерсе түшүнбөй калдым.
Кайра кайтып келип, баягы кыйылган терекке олтурду. Биз да отурдук. 15-20-мүнөт башын жерге салып отургандан соң, ордунан туруп, эки жагына көз чаптырып, кайра отуруп: “Жанагы биз барган жерде балдар үйү бар болчу, мен ошол жерден тарбияланып чыккамын” – деди.
“ – Менин балалык чагымдагы оор күндөрүмдү, тагдырымды башкалар эмес, көп туугандарым да билишпейт. Бул жерге келгенимдин себеби, ошол өткөн оор жылдарымды бир азга болсо да элестетип, эске алайын деген ой башыма келди. Атайын келиш кыйын го…”.
Исхак Раззакович сөзүн андан ары улады:
“ – Атамдын колунда жок, күнүмдүк оокатты эптеп таап, жан сактап жаткан кезде, мен 3 жашка чыкканымда энем дүйнөдөн кайтты. Атам, эжем үчөөбүз болуп жан багып жүргөндө атам дагы катуу ооруп калды. Көп-көп жөтөлүп, ыкшып жатып калар эле. Бир күнү атам: “Балам, туугандарыбыз, тагам молло Абдилла дагы ачарчылыктын айынан “Курама” деген жерге көчүп кетишти. Бул жерде тирилик өткөрүү кыйын, мен болсо минтип оорукчан болуп калдым. Андыктан, Жаңылай эжеңди бул жердеги туугандардын биринин үйүнө калтырабыз да, биз экөөбүз молло Абдилла тагаңдыкына барып, ал кишинин жардамы менен сени Коженттеги балдар үйүнө киргизсек, ошол жерден окуп, көзүң ачылып, сабаттуу адам болосуң” – деди.
Жолго чыгаарыбызда жакын туугандарыбыздын биринен бир даана загара нан сурап, аны белбоосуна ороп, белине байлап алды. Ошентип, жолго чыктык. Бир күн кечке жол жүрүп, жолдо үч-төрт ирет токтоп, суунун боюна отуруп, атам мага бир сындырым нан берет, өзү болсо курук суу ичип алат. Бир жолу: “Ата, сиз неге нан жебейсиз?” – десем: “Балам, мен чыдайм, сен ачка калбасаң болду” – деди. “Анда мен деле суу ичип алайын, мен жаш эмесминби, сиз жеңиз” – деп, нанды алдына койсом, жебестен, кайра белбоосуна ороп алды. Ошентип жүрүп олтуруп, ар жерге тыныгуу жасап жүрүп, “Катма” деген айылга келдик. Арыктын боюна отуруп, анан бир убакта атам катуу жөтөлүп, дароо тынчый түштү. Кочуштап суу жуткурдум. Тынчтанып калганда, уктап кетти го деп, жанында чыканактап отурсам, бир убакта “Балам!” деди да, колун көтөрүүгө чамасы келбеди. Мен “Ата, ата!” – десем, унчукпай калды. Бетин сыласам, ары-бери кыймылдатсам да болбойт, көзүн ачпайт. Ошентип, атам да көз жумду. Ыйлагандан башка колумдан эч нерсе келбеди. Мына ошолордун баары түшүмдөй…
Атамдын өлүгүнүн жанында ыйлап отурсам, бир атчан киши жолдо келе жатыптыр. Жолун утурлай: “Аке, атам…” – деп, ыйлап жибердим. Ал киши: “Эмне болду, балам?” – деди. Ошол киши атамдын сөөгүн атына өңөрүп, өзүмдү артына учкаштырып, молло Абдилла тагамдын үйүнө апкелди. Эртеси атамдын сөөгүн азыркы Оочу-Калачадагы мазарга койгондон кийин, эжемди да алып келишти…”.
Балалык сезимде ташка чегилген сүрөттөй катып калган, оор элестерди камтыган инсандык терең трагедия…
Исхак Раззакович мына ошол ач өзөк баланын абалын азыркы өспүрүмдөрдөн көргүсү келген эмес. Бирок, балдарды акысыз тамактандыруу жөнүндөгү анын чечимин СССР өкмөтү “популисттик” кадам катары баалап, 1958-жылдын жазында жокко чыгарып таштаган…
Ушундай эле биринчи жетекчибиздин тагдырын татаалданткан экинчи орчундуу маселе – кыргыз тили (эне тил) маселеси болгон. Анын жөн жайы мындайча эле.
1958-жылы Кыргызстан КП БК жана Өкмөтү тарабынан өлкөдөгү орус тилдүү мектептерде кыргыз тилин окутууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынган. Улуу Ата Мекендик согушка чейин орус тилдүү мектептерде кыргыз тил сабагы окутулуп келген болчу. 1958-жылдагы токтом мына ошол токтоп калган ишти улантуу максатын гана көздөгөн. Себеби, элдердин достугун курулай сөз менен гана тастыктабастан, иш жүзүндө тил билүү, салт-санаа, үрп-адаттарды өздөштүрүү чыныгы интернационализмге, улуттар ортосундагы ынтымак менен ырашкерликке өбөлгө болот деп ойлошкон. Бул өтө туура эле! Бирок, тескерисинче…
Исхак Раззаковдун соратниктеринин бири Казы Дыйканбаевдин экерүүсүнөн:
“КПСС БКнын кызматкерлери Ф. Козлов, М. Суслов, В. Титов, Т. Осетров, М. Гаврилов деген немелер тарабынан биздин токтомдор мамлекеттик тартип бузгандык жана жердешчиликти (трайбализм, местничество) көтөрүү катары кабылданып, ал эми Козлов биз менен сүйлөшүп жатып, балдарга бекер тамакты жана жаш балдарга витаминдештирилген сүт берүүнү туура эмес кабыл алып, “Силер союздук мамлекеттердин ичинде артыкча (кыйын) көрүнөлү дедиңерби? Коммунизмге эрте жеткиңер келеби? Эл алдында ушундай жол менен кадыр-баркыңарды көтөргүңөр келдиби?” – деп, кагып-силккени эсимде. Козлов ачык эле кол кезеп: “Биз силерге, силердин балдарыңардын балдарына чейин эстен чыккыс кылып бул ээнбаштыгыңарды чекеңерге тамгадай басабыз!” – деп айтканы да эсимде… Ал эми Титов биз менен сүйлөшүп жатып: “Эмне үчүн ошондой чечимди, ачык айтканда, кыргыз тилин орус мектептеринде окутуу тууралуу чечимди кабыл алдыңар – бул улутчулдуктун барып турган чеги эмеспи?!”— деген эле…
Ошентип, мамлекеттик деңгээлдеги улуу ишмердин айланасында илгери да, изги иштерин көлөкөлөгөн жөө туман коюулангандан-коюулана берди. Ага республиканын өзүнөн да “патриоттук” көрсөткөн “кыйындарыбыз” чыкты (алар кимдер экенин азыр баары билишет).
СССРдин башкы мыкчегери Никита Хрущев үнү бүткөнчө кыйкырган “интернационализм” жөнүндөгү чакырыктар тек гана саясий эки жүздүүлүктүн “паранжасы” экендиги ошентип айкындалып калды…
Ал эми 1961-жылдын май айында Исхак Раззаковичти негизсиз кызматтан алып тынышты. Жөнөкөйлүгүн, абийринин тазалыгын ушундан көрүңүз, аны СССРдин мампланына которуп жатабыз деп БКнын Пленумунда айтылаары менен эле, шыпылдай баса президиумдан түшүп, катардагы бош орундукка келип отурду…
Бул учурда Исхак Раззакович бар болгону 51 гана жашка чыккан эле. Ал кеминде 15-20 жыл Динмухамед Кунаев, Шараф Рашидовдор менен тең катар ат салышып (ал турсун алардан ашып түшүп) иштөөгө жигер-деми да, потенциалы да, ышкысы да жетиштүү эле. Аттиң, аттиң! Муну менен өлкөбүз да, элибиз да ушунча жылдарга утулуп калды!
Кыргыздар, биз, казактын улуу уулу Мухтар Ауезов көзүн чыгара эскертип айткандай, аны баалап-барктай да, бапестей да албай калдык!
Эмне үчүн улуу адамдардын жашоосу ушундай трагедиялуу аяктайт?
Анын калган 18 жылдык өмүрү убайым-санаага (жалган жалаа, куру доомат менен кодуланган кишиде санаа болбой койчубу), кайгы-капа (асыранды баласы – Эмил узак мөөнөткө түрмөгө кесилип кетет), ооруу-сыркоо (уулун укканда инфарктка кабылат) коштогон армандуу жазмышта өткөнүн замандаштары айтып да, жазып да жүрүшөт. Тагдырдын мындай тилазарлыгына түшүнбөйм, түшүнгүм да келбейт! Бул айжаркын мүнөздүү адамга таандык сырдуу касиет дале болсо жүрөк-көңүлдү эзгилеп, жер ядросунан атылып, өзүнө-өзү жол таап чыккан жанартоо сындуу жарылып сүйлөөгө ар дайым мажбурлап турганын эч качан тана албаспыз!..

Абдиллабек АВАЗОВ,
КРнын журналистер Союзунун мүчөсү,
маданияттын мыкты кызматкери.