Сахна ханышасы Таттыбүбү Турсунбаеванын бейнесине сүртүмдөр

Баёо дүйнөсү, нукуралуулугу, айланага карата алпейим мамиле жасаган жасалмасыз тунук көз карашы, табият тартуулаган сөз менен сүрөттөп бүтө алгыс чырайлуу жүзү, анан да оргуштаган талантынын аркасында сахна жана экран аркылуу жапжаш бойдон сакталуу калган улуу талант…


Сулуулуктун символу…


Өзүнөн кийинки муунга элесин мурас калтырган ай жүздүү актриса чындап эле Айдын өзүбү?
Сулуулук десе, Таттыбүбү, Таттыбүбү десе сулуулукту түшүнөбүз. Мына ушунусу менен Таттыбүбү улуу да, сулуу да, көргөн көздү өзүнө арбаган аруу дүйнөгө айланды да калды. Демек, ушундай аялуу, кирсиз таза — тунук дүйнө деп саналган Таттыбүбү Турсунбаеванын бизге калтырган табериги, жер бетинде кыргыз турганда эч качан жоголбой тургандыгын, ал көзү өткөн күндөн берки бир канчалаган жылдар айгинелеп койду.

* * *

Андагы шык-жөндөм, улуу өнөр кайдан келген? Таттыбүбү Турсунбаеванын өнөр дүйнөсүнө болгон жөндөмү жана умтулуусу, анын ата-тегинде катылуу. Чоң атасы Турсунбай – комузчу, дастанчы, ырчы болсо, атасы Мурсаалы кадимки Токтогул Сатылгановдун кенже шакирттеринин бири. Мурсаалы Турсунбаев өзүндөгү өнөрпоздук жөндөмү аркасында, Москвада өткөн 1939-жылдагы декадага катышкан.


Үй-бүлөдөгү төрт уулдун арасында эрке өскөн кыз – атасы, чоң атасы жана бир туугандарынын өнөрлөрүнө арбалып өстү. 16 жашка караган кезде чыгармачылыкка ташталган Таттыбүбүнүн кадамы, республикалык өздүк-көркөм чыгармачылык кароо-сынакка катышуусу менен башталды. “Элдик таланттар” деген аталыштагы кароо-сынакта катышып аткан Таттыбүбүнүн талантына баа берген Ташкенттеги театралдык институттун режиссёрдук факультетинин 3-курсунун студенти Рашид Байтемиров бир топ кеңештерин берип, өнөр дүйнөсүнө аралашуусун өтүнөт. Ошол кароо-сынактан кийин Рашид Байтемиров “Салиманын ыры” аттуу сценарийди Таттыбүбү үчүн арнап жазып, даректүү тасмага тартканга жетишти. Дал ошол жылы опералык ырчы жана театрдын актёру Ашыралы Боталиев Таттыбүбү жана агасы Нуркан экөөн музыкалык окуу жайга окута баштайт. Көп өтпөй кайрадан бет келген Рашид Байтемиров Таттыбүбүгө театралдык окуу жайдан билим алып, актрисалык өнөргө аралашуусун өтүнөт. Кийинки жылы мектепти аяктаган Таттыбүбү бир тууган агасы Нуркан экөө Ташкенттеги театралдык институттун актёрдук факультетине тапшырып өтүп кетишет.
Ошентип, театр жана кино дүйнөсүнө карай алган багыт…

Чыгармачылыктагы чыйыр… Ким билет, кокус ошол Ташкентке чейинки жылдары музыкалык жактан билим алып, андан соң Москвада консерваторияда окуганда, Таттыбүбү Турсунбаевадан чыгаан ырчы-аткаруучу да чыгышы толук мүмкүн эле. Бирок, жазмыш ага театр менен кино дүйнөсүндө мээнеттенүүнү буйруду. Студенттик куракта, тагыраагы, 1965-жылы режиссёрлор Леонид Гуревич жана Бекеш Абдылдаевдин “Тил алчаак” аттуу картинасында Айзаданын ролун алып чыкты. Арадан бир жыл өтүп окуу жайды 1966-жылы аяктаган Таттыбүбү ордо калаадагы Кыргыз Академиялык драма театрына кабыл алынды.


Дегеле, Турсунбаеванын театрда жараткан эмгектери тууралуу сөз кылса узун кеп. Кыскасын айтканда, жаңыдан кыргыз театрына аралашкан күндөн тартып өмүрүнүн акырына чейин ал жараткан образдарынын бардыгы сахна күйөрмандарынын арзуусуна айланган.

Алтымышынчы жылдын этегинен тартып 1980-жылдарга чейинки аралыктагы ошол кездин жаштарынын эсинде Таттыбүбү сахнага чыкканда айланага жарык шоола чачкандай таасир калганын, алигүнчө айтып түгөтө алышпайт. Шварцтын “Кар ханышасында” – кар ханышасы, Шекспирдин “Азоого чалмасында” – Бьянка, “Отеллодо” – Дездемона, Маликовдун “Осмонкулунда” – Бүбү, Абдумомуновдун “Жыгылган оогонго күлөтүндө – Гүлмайра, “Маликасында” – Малика, “Машырбек үйлөнөттө” – Зулайда, Мустай Каримдин “Ай тутулган түндөсүндө – Шафак, Садыбакасовдун “Ак боз атында” Эркайым, Байжиевдин “Эрөөлүндө – Нази, “Ар бир үйдө майрамында – Мадина, “Байыркы жомокто” – Зулайка, айтор, ушул өңдүү дүйнө классиктери менен кошо кыргыз драматургдарынын чыгармаларында отуздай ролду жаратып, көпчүлүктүн көөнүнөн түнөк таба алды. Театрда жараткан ийгиликтери аны атпай журтка аңыз кылды. Анын катышуусундагы образдарга күбө болобуз деп канчалары театрга ашыгышкан учурлар… Көрүүчүлөр Таттыбүбүнүн талантына бир тамшанса, бирде ажайып сулуулугуна тамшанышкан. Булар Турсунбаеванын театрдагы зор жетишкендиги… Ал эми кино жөнүндө айтсак…


Кино дүйнөсүнө Таттыбүбү кошкон салым, мектепти аяктаар алдында катышкан “Салиманын ыры”, кийин студенттик куракта “Тил алчаак”, андан соң “Саманчынын жолунда” жаш Толгонай, “Ак куулар конгон айдың көлдө – Зейнеп, “Атадан калган туякта” – Жээнгүл, “Сүйүү жаңырыгында” – Асия, мына ушул өңдүү ролдору анын кинематографиядагы эң мыкты делген түбөлүк мурастарынын катарын кошо толуктаган дүйнөлөр…


Бирок, кинодо жогорку чекке жетип, атын алыска угузган, ай жамалы келишкен өң-келбетинен тышкары ички сулуулугун тереңден көрсөтүп, канчаларын тамшанткан, азыркы тапка дейре ошол барк-баасынан эч кемибей аброю артып, кадыры күн санап өсүп аткан картиналар, албетте, “Ак Мөөр”, “Отко таазим” жана “Кызыл алма”.


Эпикалык чыгармаларга зор маани берген Мелис Убукеев элдик дастандын негизинде “Ак Мөөр” фильминде башкы каармандын образын ачууга Турсунбаевага ишеним артып бергенинин өзү ырасында, жалпы улуттук казына болду. Ак Мөөрдөн кийин Турсунбаеванын даңкы далайга угулду. Көпчүлүк киноишмерлер андагы катылуу жаткан көрөңгөгө сереп салышты. Ал эми жумурай журт кыргыз киносунда теңдешсиз сулуу, айланасына жарык чачкан таланттын пайда болгонуна эми чындап ынанышты.


Тарыхый окуяга үңүлүп кирген Төлөмүш Океев, социализмди орнотууда бет келген кагылыштарды ачууга белсенди. Адамдар ортосундагы конфликттер, кагылышуулар, кара мүртөздүк менен болгон айыгышкан күрөш — “Отко таазимде” чебер сүрөттөлүп өтөт. Колхоздошуруу мезгилинде бүткүл өмүрүн арнап, кырчындай кезинде жайраган Уркуя Салиеванын элесин эч кимиси Таттыбүбүдөй ачып бере албасы турган иш эле. Анткени, Уркуя десе, Таттыбүбү, Таттыбүбү десе көрүүчү Уркуяны көз алдыга тартаары турган иш.

* * *

Жылдар өттү… Мезгилдер алдыга адымдап барат…
Канчалаган суулар акты… Бирок, чыныгы талант деген талант экен… Ал, эч кандай мезгилге баш ийбейт тура?! Тескерисинче, мезгил менен кошо кайра улуу талант элдин эсине улам түшүп, улам жашарууда. Мына ушул, Таттыбүбүдө катылган улуу сыр!
Эми мындан ары да канчалаган жылдар өтпөсүн, Таттыбүбүдө катылган нагыз көрөңгө, тубаса шык, ал бапестеген улуу дүйнө, баладай баёлук журт ичинде аңыз болуп, эче миңдеген адамдардын жүрөгүнөн түнөк таба бермекчи. Нукуралуулуктун, тазалыктын, сулуулуктун улуу үлгүсүн өзүнөн кийинкилерге калтырган – кыска сапардагы маңыздуу өмүр.

* * *

Кезегинде ушундай улуу талант, сахнанын ажарын ачкан театр ханышасы Таттыбүбү Турсунбаевага карасанатай мамиле жасалып, көралбастык, ич тардык, карөзгөйлүк жасагандар алтынды эч убакта дат баспай турганын аңдай алышты бекен?
Канчалаган тоскоолдуктарга кез келип, жан дүйнөсү жабыркаса да тегерек-четиндегилерге баёо мамилесинен жазбаган актрисанын табиятында арамзалык, куулук-шумдук деген эзели болгон эмес. Анын арманы, анын азабы да дал ошол биз тамшанган, бизди тамшанткан сулуулугу болду окшобойбу!?
Анан да баса белгилечү жагдай, кудум өзү сыңары айланасын кирсиз таза кабылдагандыгында… Мына ушул арман… Ушул өкүт…
Убагында театрда чогулуштан чогулушка салынып, ак жеринен жалаага кабылып жабыркаган кайран талантты коомчулук канчалык кадырлай алды экен? Кыргыздын маңдайына бүткөн чүрөктү ким канчалык деңгээлде кастарлай алды? Дүйнөсүнө бүлүк түшкөн сааттарында ага кесиптештеринин канчасы аяп, канчасы жөлөк болду деген ойлор азыркы күнгө чейин анын талантына таазим эткендердин түгөнбөгөн суроосуна айланып келет.
Айтылуу Ак Мөөр, Уркуя, анан “Кызыл алмадагы” бейтаааныш сулуу деп миңдеген адамдардын аң-сезиминде түбөлүк калган Соң-Көл чүрөгү, бир тууганы Нуркан бир кезде жараткан “Ай барататта” ырдалгандай, эми минтип булут кезип, асманда түбөлүк жанган жылдыз эмей эле Улуу Айдын өзүнө айланып кеткен сыяктанат…


Даният Исанов

Фотосүрөттөр Александр Федоров жана Нуркан Турсунбаевдин, ошондой эле Т.Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын архивдеринен алынды.