Аралаш стилдеги (ММА) ирландиялык мушкер Конор Макгрегор Twitter баракчасы аркылуу дүйнө жүзүнүн абсолюттук чемпиону Майк Тайсонго кайрылуу жолдоду.

Макгрегор өз учурунда Флойд Мэйуэзер менен болгон бокстук мелдештеги колдоо көрсөткөнү үчүн Тайсонго ыраазычылык билдирип, реванш алаарын жана америкалык бул мушкерди сөзсүз жер сүздүрөөрүн убада кылуу менен: «Флойддун стилдин дээрлик өздөштүрүп бүттүм, мен аны сөзсүз токмоктойм. Кудай урсун, мага ишенип кой!» — деп  жазып калтырган.

Белгилей кетсек, Макгрегор 2017-жылы Мэйуэзерге каршы чыккан. Бирок, онунчу раунд дегенде техникалык нокаут менен жеңилүү ызаасын тарткан.