Кечээ Россиядан Ош облусуна коронавирус жуктуруп каза болгон мекендештин сөөгү алып келинди. Бул тууралуу Ош ОИИБнин маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады.

Анын айтымында, буга чейинки 10 күн аралыгында коронавирус жуктуруп көз жумган дагы эки кыргызстандыктын сөөгү келген.

«Бул үчүнчү учур. Туугандарына кырдаалды түшүндүрдүк. Алар баарын туура кабыл алып, сөөк дароо жерге берилди. Ал эми аны коштоп келгендердин баары обсервацияга жаткырылды», – деди Аширбаев.

Ал сөөктү коштоп келгендер сапар учурунда бир топ кыйынчылыктарга туш болгонун айтып, жолго эле бир жумадай убакыт кеткенин кошумчалады.