Өлкө аймагына коронавирус илдетинин ооздуктоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык Баткен облусунда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында  КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын шаар, райондук бөлүмдөрү тарабынан 2020-жылдын 15-май күнү залалсыздандыруу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күнү Лейлек, Кадамжай районунда Баткен, Кызыл-Кыя шаарларында жарандар көп чогула турган объектилерге, дүкөндөргө, банктарга, базарларга, дарыканаларга, унаа жолдорду  дезинфекциялоо иш-чаралары жүргүзүлдү:

1. Жалпы облус аймагында унаа жолдорго 77 400 погоно метр, жерлерге суу хлор аралашмалары чачылган;

2. Дезинфекциялоо иш-чарларга жалпы 16 куткаруучу, 4 өрт өчүрүүчү автоунаасы тартылды.

Бул иш-аракеттер КР ӨКМ тарабынан өлкөнүн бардык аймагында уланууда.