Ийгиликтүү адамдар, эл өкүлдөрү сөзсүз түрдө алар да партада отуруп, мектептен билим алышкан. Алардын окуучулук күндөрү, мектепте кандай окугандыгы баарыбызга кызык экени талашсыз. Дал ушул кызыгууга жооп алыш үчүн даярдаган “Кечээки окуучу бүгүнкү депутат!” бурчубуздун бүгүнкү коногу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аскарова Айнура Алмасбековна.

— Саламатсызбы Айнура Алмасбековна? Кош келиңиз! Алгачкы эле сурообуз балалык күндөрүңүз тууралуу болсун. Балалыгыңыздын таттуу күндөрү кайсыл жерде өткөн?

— Саламатсыңарбы? Менин балалык күндөрүм Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кегети айылында өткөн. Бул жер менин жан-дүйнөмө абдан жакын. Кегети айылын билбегендер жок болсо керек. Жаратылышы өтө кооз, тоо койнунда жайгашкан айыл. Эс алууга ыңгайлуу, кылым карыткан касиеттүү тоолору, шаркыратмасы бар. Бул айыл кыргыз элине белгилүү акын-жазуучуларды, илимдин профессорлорун, докторлорун өстүргөн. Балалык күндөрүмдүн эң таттуусу ушул айылдын кучагында, эркелеп жүрүп өттү. Ушундай балалыкты тартуулаган Кудайга шүгүрчүлүк айтам.


— Сиздей мыкты айымды тарбиялаган ата-энеңиз да мыкты адамдар болсо керек. Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз?

— Мен бир үй-бүлөөнүн улуу небереси болгондуктан чон ата-чоң энемдин колунда чоңойгом. Мурунку мезгилде улуу небересин өзүнө таандык кылып алган жакшы бир жөрөлгө бар болчу. Чоң атам Аскар мектепте мамтематика сабагынан мугалим, ал эми чоң энем үй кожойкеси болчу. Өзүмдүн ата-энем бизден беш-алты үй эле алыстыкта жашашчу. Атам өмүр бою сельсовет, экономист кийин салык инспекциясында иштеп, пенсияга чыкты. Апам кесиби боюнча педагог. Кегети айылындагы мектепте физика предметинен сабак берчү жана бир нече жыл жыл мектептин директору болуп иштеди. Ата-энем билимдүү адамдар болгондуктан, бизге татыктуу тарбия берип, билим жаатында, адам болуп калыптанышыбызда пайдубалыбызды бекем кылып курушкан. Бул үчүн ата-энеме терең ыраазычылык билдирем. Өспүрүм кезде билимдин пайдасын анча этибар албай, ата-энебиздин аракетин баалай алчу эмеспиз. Азыр өзүм эне болгондон кийин баарын сезип, ыраазы болом. Ошол кезде чоң ата, чоң энем, ата-энем материлдык байлыктан дагы руханий байлыкты, билим байлыгын жогору коюп, бизди тарбиялаганына чоң рахматымды айтам. Ата-энемдин “Акча топтобогула, китеп, билим топтогула” — деген сөздөрү азыркы күнгө чейин эсимде.


 — Кайсыл мектептен билим алгансыз?

— Кегети айылындагы Исаев атындагы орто мектебине 1-класска барып, 11-классты да ошол эле мектептен аяктадым.
— Алгачкы жолу мектепке барганда кандай сезимдер болду эле?

 — Алгачкы жолу мектепке барган учурдагы сезимдер баарында эле өзгөчө болсо керек. Менин да алгачкы жолу мектепке баргандагы сезимдерим айкын эсимде. Ал кездерде биринчи класска барган окуучулар менен бүтүрүүчү класстардын ортосунда белек алмашуу болчу эле, азыр барбы, жокпу билбейм. Биринчи жолу ата-энем 1-класска ээрчитип барганда чоң букет гүл даярдап беришкен. Мен маңдайымда турган бүтүрүүчү класстагы эжеге бермекмин, өзүм абдан кичинекей, көздөрүм бакырайган, кара кыз болчумун. Линейка көпкө чейин болгондуктан чон букет гүлдү көтөрө албай жерге түшүрүп алгам, анан уялып, ыйлаганым эсимде. Ошол боюнча гүлдү эжеге бергем, ал мага пластилин белек кылган. Башкалардыкынан айырмаланып, алты түстө гана эмес, бир нече түстө болуп, көлөмү да чоң болчу. Аны кармап туруп, дагы чарчап кетип колумдан түшүрүп алып ыйлагам. Өзүм ошол кезде эле бир сызыктан чыкпаган кыз болчумун. Анан эле гүлүм, пластилиним колумдан түшүп кеткенде өтө уялгам. Мугалимим айтып калат ошондо эле жоопкерчиликтүү экениңди билгем деп.
— Ийгиликтүү болушуңузга мугалимдериңиздин да салымы болсо керек, мугалимдериңиз жөнүндө айта кетсеңиз?

 — Биздин мектепте абдан мыкты мугалимдер иштешчү. Аларды бири-биринен бөлүп карай албайм. Ар бири өзүнө тиешелүү сабактардан татыктуу билимдерин беришти. Алардын ичинен өзгөчө эсимде калганы биринчи мугалимим Ажаргүл эже. Эже өтө токтоо, балдарга мээримдүү болчу. Алгачкы тамганы таанытып, көп аракетин жумшаган. Дагы эсимде калган мугалимдеримден орус тилинен берген Шекер эжени айта алам. Азыркы күнгө чейин карым-катышта болуп келебиз. Шекер эже өнөктөш өлкө Россиянын терезесин ачканга чоң жардам берди. Биологиядан берген Тамара эженин да эмгекги зор. Окуучулар арасында болуучу олимпиадага жыл сайын биология сабагынан барчуумун. Район, облустук олимпиадаларда дайыма 1-2-3 орундарды камсыз кылчуумун. Өзүм медайым болом деген кыялым бар болчу. Мектепти аяктагандан кийин жашоомдо кандайдыр бир өзгөрүү болуп, медицина тармагына тапшырбай калдым.
Сиз үчүн мектеп?

— Мен үчүн мектеп — учкан уям. Турмуштук чоң жолумда тушоомду кескен ыйык очогум. Балалыгымдын жакшы күндөрүнө ортоктош болгон жарык терезелүү имарат. Турмуштун ак-карасын ажырата турган, өспүрүм кезимди эске салган чоң атмосфера. Анан албетте, чоң турмушка аттанткан, ак батасын берип, жашоо деген дайранын кемесине отургузуп узаткан ата-энемден кийинки адамдар, үй-бүлөөм жана жакын адамдарым, санаалаштарымдын баардыгы бар үйүм.
-Максаттарыңыздын баары орундалдыбы жана максатка жетүү үчүн эмне кылыш керек? Депутат болом деген кыялыңызда бар беле?

-Кудайга шүгүр максаттарым орундалып жатат. Менимче максатты туура коё билиш керек. Кыялданып эле жата бербей, анын артынан түшүш керек. Мен эки-үч кесиптин ээси болсом деп максат кылгам. Буйруса аткарылды. Элдин адамы болом дедим эле , болдум. Буга жетиш үчүн талбай эмгектендим. Андан сырткары аял кишинин эл өкүлү болушуна үй-бүлөөсүнүн, жакындарынын колдоосу керек. Менин жумушумду түшүнүп, эртең менен жылуу сөзү менен жумушка узаткан эстүү жолдошум, мөлтүрөгөн уулдарым, куттуу очогум, колдоп турган ата-энем, кайын журтум, жоро-жолдошторум, кесиптештерим, кошуналарым бар. Мына ушунун баары эле адамдын максаты. Негизи, адам туура сүйлөп, туура жүрүп, көрөалбастык дегенден такыр алыс болуш керек. Мына ушулардан алыс болсоң Кудай колдойт. Менде көрөалбастык деген нерсе такыр жок, ал нерсени түшүнгүм дагы келбейт. Силер дагы ушул нерселерден алыс болуп, аракет кылсаңар сөзсүз максатыңар орундалат. Колумдан келишинче элге пайдам тийсе деп аракет кылам.

-Ийгиликтүү инсан катары жаш муундарга кеңештериңизди айта кетсеңиз?
-Жаш муундарга айтаарым биринчиден, билимдүү болгула. Биз кичинебизден угуп жүргөн “Окуу, окуу жана окуу” деген нерсе азыр дагы актуалдуулугун жогото элек. Адам канчалык билимдүү болсо, ошончолук жашоого болгон көз карашы терең, максаттары бийик болот, жашоодо өзүнүн ордун аныктай алат, таамай билет. Баалуулук эмне экенин аныктап, ошол баалуулукка жараша коомго өзүнүн пайдасын кыла алат. Үй курганда деле анын пайдубалын бекем кылбасаң, ал бат эле чөгөт, жарака кетет сөзсүз урап түшөт. Анын сыңары билим алуудагы пайдубалды бекем курганга аракет кылгыла. Анан башкы нерсе эмгек керек.
-Кеңешиңизге, маегиңизге чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз!

Маектешкен: Замирбек кызы Асел.

Булак: Классташ