Кадамжай РИИБне Көк-Талаа айылында 4 жаш өспүрүм балдарды ошол эле айылдын 27жаштагы К.Р.аттуу тургуну белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал кезеп, аларды коркутуп, буттарынын астына 2 жолу ок чыгаргандыгы боюнча маалымат Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 145-беренесинин 1-бөлүгү (өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

2020-жылдын 10-май күнү Кадамжай райондук сотунун санкциясы менен 27жаштагы К.Рдин жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда, анын атасы 59жаштагы К.Ш. эч кандай урусат кагаздары жок 1стволдуу 16калибриндеги ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшырган.

Ошондой эле тинтүүнүн жүрүшүндө К.Шнын мал сарайынын ичинен эч кандай уруксат кагаздары жок, белгисиз маркадагы бир стволдуу, сайсыз ок атуучу куралы ак түстөгү капка оролгон абалда табылып алынган. Мындан сырткары бул жарандын үйүн тинтүү учурунда араб алфавитиндеги китептер жана араб тамгалары менен жазылган дептерлер, ошондой эле коргошундан жасалган муздак курал катары эсептелген колго кийилүүчү кастет алынган.

Тинтүү учурунда К.Шнын аялы 57 жаштагы Ш.М коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылып турган кызматкерлерди оозго алгысыз уят сөздөр менен тилдеп, колундагы жыгач таягы менен бир милиция кызматкерин бир нече ирет уруп жиберген. Бул факт Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 355-беренсинин 1-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бул факты Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 253-беренсинин 1-бөлүгү (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тинтүү учурунда алынган куралдар, китептер жана дептерлер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми шектүү катары кармалган 27жаштагы К.Р. жана 59жаштагы К.Ш. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы