Мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 10 млрд. сомго кыскарды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирген.

Мындай кыскартууларга эң ириде ар кыл мүнөздөгү сатып алуулар, транспорттук жана иш сапары менен байланышкан чыгымдар дуушар болду. Ошондой эле капиталдык салымдар жаатындагы дагы кыскартууларды байкоого болот. Ал эми суу менен камсыздоо, ирригация, жолдорду оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү, ошондой эле санариптештирүү жана сот системасын реформлоо боюнча айрым чыгашалар жарым-жартылай мүнөздө сакталып калган.

«Биз тараптан болжолдонгон бюджеттик жоготууларды аткаруу үчүн жеңилдетилген негиздеги сырткы жардамды тартуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары ички резервдер дагы изделүүдө. Айталы, ички резервдердин эсебинен бюджетти толуктоо боюнча кошумча булактарды издөө жана ишке киргизүү боюнча атайын иштелип чыккан план бар. Кечээ бюджет долбоорунун концепциясы биринчи окуудан жактырылды. Кийинки жумада парламент тарабынан экинчи жана үчүнчү окуулар өткөрүлөт», — деп кошумчалады вице-премьер-министр.