АКШ президенти Дональд Трамп анын администрациясы келечекте коронавируска каршы вакцинаны бекер таратуу мүмкүнчүлүгүнүн караштырып жаткандыгын билдирди.
“Чыны менен эле биз бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз”, -деди Трамп журналисттердин вакцина тууралуу узаткан суроолоруна жооп берип жатып.
Учурда АКШда коронавируска карата тестирлөө иштери бекер өткөрүлүүдө. Трамп вакцина үстүбүздөгү жылдын аягында же ага чейин даяр болорун айтты.