Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун маалыматы боюнча жаңы түрдөгү коронавирустан каза болгондордун саны 300 миңге жакындаса, вирус жуктуруп алгандардын саны – 4,3 миллиондон ашкан.

Акыркы маалыматтарга ылайык бир сутка ичинде COVID-19 оорусу менен байланышкан 90 269 жаңы учур катталып, 5 073 адам каза болгон. Ошентип, коронавируска тиешелүү жаңы учурлардын саны дүйнө жүзү боюнча — 4 338 658, каза болгондордун саны – 297 119.

Ооруну жуктуруп алуулардын саны Түндүк жана Түштүк Америкага таандык жана ал – 1 864 468 учурду түзөт.