Журналисттер коомчулугу кимдир бирөөнүн ок атуучу куралына, дагы биринин коргонуучу куралына айланып бараткан заманда, бир кесиптешимдин тандап алган жолу, жашоосу мага өзгөчө жакты.

Эсиңиздерде болсо КТРКнын «Ала-Тоо» маалымат программасында Болотбек Таабалдыев деген алып баруучу бар эле, мындан 5-6 жыл мурда. Ошол жигит менин группалашым болот. Теледе иштеп жүргөн учурда деле өтө мээнеткеч эле, эфирге чыккандан сырткары даярдалган сюжеттердин текстин текшерип, эфирдин вёрсткасын жасап жооптуу редакторлукту кошо аркалачу. Түнкү 9.30 дагы түз эфирди алып баргандан кийин кепканы баса кийип алып (көрөрмандарынан таанып калат деп уялчу окшойт) таксовать этип кетчү кээде.

Ошентип жүрүп борборго эки кабат үй салды, канча жылда бүттү билбейм, курулуш материалдарын эле сатып алдым, калган жумушунун баарын түндөп иштеп атып, иним экөөлөп бүтүрдүк деп айтып калчу. Биринчи барганыбызда эки кабат эле үйүн көрдүк эле, кийин барсам салып койгон үйүнүн алдын казып, эринбей каптап сыртка ташып олтуруп 3 кабаттуу үй кылып таштаптыр.

Эми үйүн бүттү, эфирине чыгып, жайбаракат жашоосун улантса керек деп жүргөм. Бир күнү эле, «Айылда кенен жүрүп көнгөн жаным, 20 жыл жашасам деле шаарына көнбөй койдум, эфирге чыккан атактуулугу деле кызыктырбай калды, 5 соток жерге батпай калдым» — деп күтүүсүз эле үйүн сатып, айылга көчүп кетти.

Өзү деле ажыга барып келгенден кийин көп нерсеге көз карашы өзгөрүп, журналистикадагы айрым кадамдарыбыз туура эмес экен, бул тармактан кетем деп калган эле…

Мээнеткеч адам кайда болсо деле ийгиликтин үстүндө жүрөт экен. Шаардын 5 соток жерине батпаган группалашым, айылындагы 20-30 соток жерге да батпаптыр, түз эле өзүнүн Ноокат районундагы Чеч-Дөбө айылынын үстүндөгү ээн жайлоого барып жайгашыптыр.

Ээлеген жери 2 гектар, кошуна дегенден эч ким жок, ээн жайлоонун кароолчусундай жалгыз жашайт үй-бүлөсү менен. Баардык шарты бар шаардагыдай үй салыптыр жайлоого, бассейнге чейин бар, айтор жашоо керемет. Шаардагы иймейген аппак балдары бети тордогон, тоолук кыргызга айланышкан.

Айылдык пейил күтүп, үй-бүлөсүнүн катары да көбөйгөн, беш баланын атасы болуптур. Жашаган жерине 3 км алыстыктагы булактан суу тартып келип, 200 түп алма, 200 түп шабдалы, 100 түп гиляз, 100 түп өрүк, 100 түп жангак олтургузуп, алары мөмө байлап баштаптыр. Жангактын узак жашаарын эске алганда, болочоктогу урпактарына чейин кам көрүп койгон.

Жашаган жери дыйканчылыкка да, мал чарбачылыгын жүргүзгөнгө да ылайыктуу экен. Бир жыл мурун 80 кой сатып алдым эле, быйыл 130 болду деп олтурат. Койлорун короодон эле чыгарып койсо, маңдайындагы бийик оттуу дөңсөдө жайылып жүрө берет.

Үйдө олтуруп эле баардык малын көзөмөлдөп олтурса боло турган керемет жер экен, отурукташкан жери. Чакан тоок фермасындагы шартты айтпай эле кой, тоокторго бир эле вилка, кашык жетишпейт. Бир жагына «роддом» деп ат коюп, балапан басып аткан тоокторду өзүнчө кармап, жумуртка берчүлөрү, союп жей турганы, жаңы чыккан жөжөлөрдүн бөлүмү деп ар бирине ыңгайлуу шарт түзүп койгон.

Биздей болуп болгон майы менен витамини сыгылып алынган көк кашка сүт менен айран ичпей, таза каймактан жеп, жумасына бир койду көтөрө чаап жеп коюп олтурат группалашым, таза абадан кере-кере дем алып. Ии баса дагы бир жетишкендигин айтпай калыптырмын, 4-5 жылдын ичинде айылына 300 кишилик боз үй тибиндеги тойкана салганга үлгүрүптүр.

Ал бизнеси дагы шаардагы тойканалардан айырмаланып, өтө кең пейилдик менен айылдын элине кызмат кылат экен. Болгону киши башына 150 сомдун тегерегинде гана акча алып, ысык тамагын гана жасап беришет, калган тамак- аштын баарын той ээлери үйүнөн даярдап келип, арзан, кенен-чонон тойлоп, коноктордон түшкөн кошумчаны чөнтөктөрүнө салып, Болотко батасын берип, көңүлдүү кетишет экен.

Ушунун баары Болоттун 4-5 жылдын ичиндеги жетишкендиги… Шаарда болсоң жүрмөксүң көп журналисттин бирине айланып, калыстык кылсаң акчаң жок, акчалуу болом десең абийириң төгүлүп…

Ашып кетсе бир сайт ачып алат элең , бүгүн жамандаган кишиңди эртеси мактап коюп олтурмаксың…

Биз болсо олтурабыз шаарда карантинден кийинки жашоого көнө албай, тиричиликти эмнеден баштасам деп коюп…

Кыргыздын керемет жайлоолору көздөн учуп…

Макала фейсбук колдонуучу Мира Абдукапарованын баракчасынан алынды.