Парламент карантин киргизилген учурда биринчилерден болуп ишке чыкпай коюшту эле. Бир нече күн иштеп баштады эле, коомчулук тарабынан чоң сынга кабылды. Биринчи себеби, түз эфирден көбүрөөк көргөзүлүп жатат. Коомчулук көрүп жатат да аларды, ошол себептен аларга нааразычылык чоң.


Постсоветтик мезгилде кимдер гана депутат болгон жок. Легендарлуу парламент деп көп мактап эскеребиз. Анда депутаттар саны өтө көп болгон жана алар элдин бардык катмарынан бар эле. Бул парламентте дээрлик бардыгы совет доорунун адамдары эле. Алар өз тармактарын өтө жакшы билишчү. Эл чарбасын жакшы билбеген, мамлекеттик түзүлүштү да жакшы түшүнбөгөн Акаев доорунда аталган парламент чоң оппозиция болгон. Бирок алар акыры Акаев системасына жеңилип беришти.

Андан кийинки Акаев мезгилинин парламент составы көбүнчө бийликке лоялдуу же бийлик адамдарынан турду. Бирок бир мандаттуу округдар болгон себептен оппозиция ар дайым өз адамдарын парламентке өткөрүп турушкан. Акаев доорун көбү унутуп калышты. Ал кезде бийлик өтө күчтүү болчу. Акимдер өз аймактарында падышалык Россиянын генерал-губернаторлорундай эле бийликке ээ болчу. Ошончо күчтүү бийлик кезинде да оппозициялык депутаттар шайланып келишкен парламентке. Себеби, бир мандаттуу округдар болчу. Ошол эле доордо эки палаталуу парламент да иштеп калды бир аз мезгил.

Партиялык система менен шайланып баштагандан тартып, өзгөчө господин Текебаевдин конституциясынан кийин шайланган парламент составы өтө начар иштей турган болуп чыкты.

Парламент бул бийликтин бир бутагы. Биздин конституция боюнча эң жогорку даражада. Бирок алардын өз функциялары, полномочиелери бар. Эң негизгиси мыйзам чыгаруу. Алар ушул жаатта жакшы иштей албай келишет.
Бизде да бар, биз дегенибиз көпчүлүк, жалпы эл. Биз көптөгөн жылдар бою мыйзам чыгарган депутатты эмес, жалпы маселелер боюнча, көчө деңгээлинде сүйлөгөн, бирок ар дайым трибунадан түшпөгөн, эч бир окуяны комментарийсиз калтырбаган, популист, профессионалдык билими жок, эч кандай пайда алып келбеген, бирок күнүмдүк элге жаккан сөздөрдү сүйлөгөн депуттарды мыкты деп түшүнүп келдик. Жыйынтыгы ушул, депутаттар деградацияга туш келишти. Эч нерседен уялбай калышты. Парламентаризм мектеби жоголду.

Жаңы шайлана турган парламент мындан жакшы болот деп үмүт кылып да кереги жок. Эгер ушул шайлоо системасы сакталып калса. Бул система сакталып калары көрүнүп турат. Биз депуттарды, партияларды эмес, шайлоо принциптерин, системасын сындашыбыз, өзгөртүшүбүз керек эле.

Азыр депутаттарга, бийликке арналган ар бир экинчи пост, комменттарийлер эл өзү күнөөлүү, өздөрү шайлаган деген негизсиз, зыяндуу жана такыр туура эмес пикирлер менен коштолуп келет. Элде эч убакта күнөө болбойт. Алар тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Айла жок, көрсөтүлгөн системанын негизинде, түзүк жакшыраак дегендерин шайлап берип келишти. Башка альтернатива. вариант жок болсо эмне кылышмак эле. Шайлоого катышпай коюшса, анда бийлик өз билгендерин өткөрүп кетет.

Бир мандаттуу шайлоо системасына келиш керек. Партиялык тизме менен шайлоо өзүн актаган жок. Мүмкүн кийинчерээк дагы бир кайрылып келербиз. Азыркы биздин өнүгүү абалыбызда, парламенттик республика да жарабады. Чыныгы парламенттик республиканы тандайбыз десек, анда ал парламентти биринчи кезекте бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттардан түзүү керек. Же пропорцианалдуу түрдө партиялар жана бир мандаттуу округдар.

Преференциалдуу система деп сунуш кылып жатышат, Бул эч нерсени өзгөртпөйт. Партия лидерлери түзгөн списокту эле бир аз алмаштырганы болбосо.

Бүгүнкү күндүн реалиясы ушул. Келерки парламенттик шайлоолор эски тартип менен эле өтөт. Эл дагы эле тандоо мүмкүнчүлүгүнөн алыс болот. Көрсөтүлгөн партиялардын ичинен, ушул жакшы деген принцип боюнча шайлап беребиз. Бирок, эртеби-кечпи конституция өзгөртүлүшү керек. Жаңы шайлоо системасын тандашыбыз керек. Болбосо, дагы эле эл өзү күнөөлүү деп айтып кала беребиз.

Макала Сейдалы Мырзакматовдун фейсбуктагы баракчасынан алынды.