Коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркияда «Мекендештерди колдоо» штабы иштей баштады. Демилгелүү топ кыйын кырдаалда турган кыргызстандыктарга жардам көрсөтөт.

Штабдан билдиришкендей, алыстагы мекендештерге мүмкүнчүлүгү бар бардык жарандар кол суна алат. Чогулган жардам оорулууларга, балалуу муктаж үй-бүлөлөргө, кош бойлууларга жана студенттерге даректүү жеткирилет.

Эске салсак, буга чейин ушундай эле «Мекендештерди колдоо» штабы Россияда ачылган. Алар аз убакытта 1 млн сомго жакын каражат чогултуп, муктаждарга жардам көрсөттү. Жумуштар уланууда.

Булак: Жебе.кг