Ош шаарындагы соода түйүндөрүнүн ишине чектөө кирди. Мэриянын чыгарган буйругунун негизинде ири жана чакан азык-түлүк дүкөндөрү саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштеши кажет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында, дүкөндөрдүн ишин жергиликтүү бийликтен сырткары шаардык ички иштер башкармалыгы жана ӨКМ көзөмөлдөп, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү.

«Коменданттык саат алынгандан кийин дүкөндөрдө түнкү саат 12ге чейин кишинин саны көбөйө баштады. Түн жамынып жүргөндөр да көбөйүп кеткенине байланыштуу ушундай чектөө кабыл алынды. Бир жумадан бери шаарда коронавирус катталбай калган эле. Кечээ күнү бир учур, аны менен байланышта болгон дагы төрт кишиден чыгып жатат. Адамдардын байланышын азайтуу үчүн ушундай чара кабыл алынды», — деди Абсаттаров.