Борбор калаада акимиаттардын мобилдүү тобу, санитардык-экологиялык инспекциясы менен биргеликте шаар ичинде санитардык талаптарды бузган жарандарга протокол түзүүнү улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Айрым ишкерлер карантиндик абалды билип туруп санитардык нормаларды одоно бузуп жатканы аныкталган. Алсак, дүкөндөрдө жана соода түйүндөрүндө сатуучулардын бет кап кийбей жүргөндөрү, санитайзерлердин жоктугу же болсо дагы ичинде гели жок эле отчёт үчүн коюп койгондор чыгууда. Ошондой эле санитардык патруль тарабынан Горький көчөсүндө жайгашкан жаныбарлар дүкөнүнүн, Тунгуч кичи районундагы кийим дүкөнүнүн жана «Чынар» кичи базарынын ээлерине протокол түзүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Алардын ишмердүүлүгүнө азырынча тыюу салынган, бирок ага карабастан ачылып иштей башташкан. Мындай учурда бузуулар кодексинин экинчи категориясындагы айыптар салынат. Физикалык жактар үчүн 3 миң сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 13 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салуу каралган. Мэрия шаар тургундарынын саламаттыгы үчүн бардык ишкерлерден санитардык нормаларды жана тазалыкты сактоону суранып кетет

Мэриянын санитардык-экологиялык патрул кызматынын байланыш номурлары: 0(312) 65 81 59, 0 705 564 756. Биринчи Май району: 0555 404 818; Свердлов району: 0551 551 745; Октябрь району: 0 500 210 470; Ленин району: 0500 085 580.