Бир жылдын ичинде абактардан 500 миң сомдон ашуун акча, 400 литрдей спирт ичимдиктери табылган

Бир жылдын ичинде (2019-жылы) Кыргызстандагы абактарга пландык жана пландан тышкары 20052 жолу текшерүү жүргүзүлгөн. ЖАМКтын маалыматы боюнча, анын алкагында пайдаланууга тыюу салынган бир катар буюмдар, акча каражаты да табылды.

Табылган буюмдар:

  • Акча каражаты — 545 989 сом;
  • Спирт ичимдиктери — 385,2 литр;
  • Брага — 933,9 литр;
  • Байланыш каражаттары — 3050 даана;
  • Кесүүчү буюмдар — 2380 даана.