Биринчи айым (англ. First Lady of the United States) – АКШ Ак үйүнүн кожойкесине таандык наам. Анын аткара турган милдеттери расмий түрдө бекитилген эмес, бирок ошого карабастан ал өлкөнүн коомдук турмушунда маанилүү ролду аткарат. Салттуу түрдө биринчи айым болуп АКШ президентинин жубайы саналган менен айрым учурларда, айталы, президент бойдок же жесил (аялы өлүп калуу) болсо бул наам башка аялга ыйгарылган. 2017-жылдын 20-январынан тартып  АКШнын биринчи айымы же ханбийкеси болуп Дональд Трамптын жубайы Меланья Трамп саналат.

Салттуу түрдө Биринчи айым башка бир ишмердүүлүк менен шугулданбайт, анын бирден-бир негизги милдети – бул Ак үйдө өтүүчү салтанаттарга баш-көз болуу. Ошондой эле, ал президенттин коштоосунда же болбосо жеке өзү расмий мүнөздөгү салттанаттар менен мамлекеттик иш-чаралардын бардыгына катышат. Кызыгы, биринчи айымга кызмат кылуучу кызматкерлердин өз штаты бар, ага Ак үйдүн коомчулук менен байланышуу боюнча катчысы, кызматкерлердин штатынын жетекчиси, басма сөз катчысы, башкы флорист жана башкы ашпоозчу кирет. Биринчи айымдын кеңсеси АКШ президентинин Аткаруучу кеңсесинин бутагы болуп саналат.

«Биринчи айым» деген наам алгач ирет АКШнын төртүнчү президенти Жеймс Мэдисон  тарабынан жубайы Долли Мэдисонго карата колдонулган.

NEW YORK, NY — MAY 05: First Lady of the United States Michelle Obama attends the Anna Wintour Costume Center Grand Opening at the Metropolitan Museum of Art on May 5, 2014 in New York City. (Photo by Michael Loccisano/Getty Images)

АКШнын эң биринчи айымы болуп  президент Жорж Вашингтондун жубайы Марта Вашингтон саналат. Ал эми Жон Тайлер жана Вудро Вилсон аттуу президенттердин экиден биринчи айымы болгон, башкача айтканда аталган президенттер өз мөөнөтү аяктагыча экинчи ирет никеге турганга үлгүрүшкөн. Дональд Трамптын инагурациясынан кийин, тагыраак айтканда 2017-жылдын 20-январынан тартып Меланья Трамп АКШнын тарыхындагы элүү биринчи айым болуп саналат. Буга чейин бул наамды Барак Обаманын жубайы Мишель Обама алып жүргөн.

Мелания Трамп – Американын тарыхында элге денесин жылаңач көрсөткөн алгачкы Биринчи айым.  Кызыгы, Меланиянын жогорку билими жок. Ал Словениянын (мурдагы Югославия) Севнице шаарында туулган. Албетте, ал дагы башка бийкечтердей эле жогорку окуу жайына тапшырган менен бирок аягына чыккан эмес. 1996-жылы ал Нью-Йоркту багындырууга бет алган.

Мелания Кнаусс (келечектеги Трамп)  28 жашында Трамп менен таанышкан жана аны акырындап жүрүп отуруп ири норвегиялык косметикалык концерндин башчысы Финн Эрик Мидельфарттын кызы Селина Мидельфарттан тартып алган.  Айтмакчы Мелания Трамп беш тилде эркин сүйлөйт.