Казакстанда сутка ичинде 161 жарандан коронавирус илдети аныкталып, ооругандардын жалпы саны 5 миң 850гө жетти.

Анын ичинен 2707 бейтап илдеттен айыккан, 34 жаран каза болду.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн Улуттук гвардиясынын 20 аскеринен коронавирус аныкталды. Аскер кызматкерлери бир мекемеде жашашкан. Учурда алар менен байланышта болгондордун баары карантинге алынган.