«Манас» эл аралык аэропорту 15-майда «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург-Бишкек чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

156 мекендешибиз өлкөгө кайтарылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритми боюнча чет өлкөдөн келип жаткан жарандардан COVID-19 вирусуна ПЧР диагностикага анализдер алынат. Үч күн бою алар карантиндик зонада болушат.

Эгерде анализи терс болуп, адам байланышкандардын катарына кирбесе, анда ал бардык эрежелерди жана талаптарды сактоого милдеттүү болуп, үй карантинине жиберилет. Эгерде үйдө тийиштүү шарттар жок болсо, анда Саламаттык сактоо министрлиги аны обсервациялардын бирине жайгаштырат.

Анализдин жыйынтыгы коронавирустун бар экенин көрсөтсө, жаран стационарга дарыланууга, ал эми анализи терс болгон байланышкан адамдар медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга жаткырылат.