15-майда Калуга шоссесиндеги азык-түлүктөрдү дүң жана чекене сатуу борбору «Фуд-Ситиде» сатуучулар, жумушчулар, күзөтчүлөр жана укук коргоочу органдардын катышуусу менен массалык мушташ чыкты, деп билдирди “Московский комсомолец».

Ишкерлердин жана жумушчулардын жоон тобу жетекчиликти сүйлөшүүгө чакырып, комплексти тосуп алышкан. Росгвардия жана полиция, дүңүнөн  сатуу борборунун күзөтчүлөрү менен бирдикте, чыр чыгарган топтун кысымын  токтотууга  аракет көрүшкөн. Күбөлөр менен эксперттер, адамдардын нерви аябагандай чыңалган болчу, андыктан «дүрт эттирүүгө» ар кандай себептер жетиштүү эле дешет. Азыр чыр бир аз басылды, бирок эртеси дагы чыгышы мүмкүн.

Күбөлөрдүн түшүндүргөнүнө караганда соода-сатык борборундагы соода кылуучу жана складдык орундарды арендага алган ишкерлер, аренда акысынын жогорулап кетишине нааразы болушуп, аны кайра мурунку абалына алып келүүсүн талап этишкен. «Фуд ситинин» администрациясы нааразылыктын чыгышына мындай  фактордун себепкер болушун жокко чыгарышууда.

Бул дүң соода борборунан Москвага азык-түлүк жеткирип жүргөн Владимир аттуу жаран, «Московский комсомолецтин» кабарчысы менен аңгемелешкенде, изоляция башталгандан тартып эле «Фуд ситиде» «чыңалуу» бар экенин айтат. «Соода кылганы келгендер өтө азайып кетти, – дейт Владимир. – Ресторандар  дээрлик толук жабылды, кичинекей дүкөндөр да өтө аз сатып ала башташты. Ошондуктан сатуучулардын маанайы чөккөн. Аренда акысын  жогорулатканын билбейт экемин. А эгер андай болсо – мен кишилердин начальство менен сүйлөшүүгө чыгышканын эң сонун түшүнөм».

Abal.kg