Бишкектиктер зарыл болгон учурда гана үйдөн чыкса. Анткени соода борборлорунан акыркы убакта вирус жуктуруп алгандар көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

“Коронавирус жуктуруп алган борбор калаадагы гипермаркеттин бир кызматкери 48 адам менен байланышта болгон. Ошондуктан шаар тургундарын көп адам чогулган жайларга барбоого жана өтө зарыл болгон учурда гана үйдөн чыгууга чакырам”, — деп билдирди Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова.