Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецованын бүгүн 16-майга карата ордо калаадагы коронавирусду алдын алуу боюнча брифингинин жыйынтыгы боюнча маалымат.

-Борбор калаада бүгүнкү күнгө карата ооруну жуктуруп алгандардын саны – 305 адам жана 648 байланышта болгон жаран катталган.

-16-майга карата 400 короо изилденип, 916 адам коронавируска экспресс-тестирлөөдөн өттү, баарында жыйынтыктар терс болуп чыкты.

— 113 дарек боюнча тургундар анализ тапшыруудан баш тарткан, ал эми 99 батирде жана турак үйдө эч ким эшигин ачпай, жабык болгон.

— Үй карантининен 5504 адам алынды, медициналык көзөмөлдө 765 адам калууда.

-Борбор шаардагы обсервация жайларына 1064 адам жайгаштырылган.

— Шаарда жана чектеш калктуу конуштарда жашаган 250 миӊ жаранга гуманитардык жана социалдык жардам көрсөтүлдү.

-20 мобилдик бригада иштеп жатат, алар 10 миӊ чыгууну ишке ашырып, 7 700 ПЧР анализ алышкан.