Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан колдоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 1118ге жетти. Бул туурасында Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Мындай статистика 15-майда кечинде жарыяланган. Ага ылайык, соңку бир сутканын аралыгында эле 211 тажикстандык COVID-19 жуктурганы аныкталган.

Оорунун кесепетинен каза болгон кишилердин да саны өсүп, 33 адамга жеткени айтылат.

Аны менен катар эле 477 бейтап коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылганын билдирген.

Ошондой эле азыркы тапта коңшу өлкөдө оору жугузушу мүмкүн деген шек менен 4 297 адам карантинге алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Тажикстанда коронавирус жуктургандар тууралуу расмий түрдө 30-апрелде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери келеринин алдында айтылган. Алар анализ жүргүзүп, өлкөдө карантиндик чараларды күчөтүп, оор кырдаалга даяр турушун эскерткен. 

Булак: Спутник Кыргызстан