Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев дайыма колдоо көрсөткөнү жана кызматташууга конструктивдүү мамиле кылганы үчүн Жогору Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков башында турган депутаттарга ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчынын билдирүүсүнүн тексти төмөндөгүдөй:

«Парламенттик демократияны бекемдөөгө багыт алган Кыргызстанда бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынын ортосунда тыгыз өз ара аракеттенүүнү уюштуруу дайыма курч жана кылдат мамилени талап кылган маселелердин бири болуп келген. Мамлекеттик бийликтин бул эки институтунун байланышынын деңгээли жана мүнөзү дайыма өлкөдөгү кырдаалга жана мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алуу, аны жүзөгө ашыруу ыраатына түздөн-түз таасирин тийгизип келген. Ошондуктан акыркы жылдарда түзүлгөн Жогору Кеңеш менен Өкмөттүн конструктивдүү мүнөздөгү өз ара кызматташтык мамилеси абдан маанилүү. Эки бийлик бутагынын ортосундагы мындай ишенимдүү мүнөздөгү алака Өкмөттүн Жогору Кеңештин алдындагы жоопкерчилик жана отчеттуулук принциптерин колдогон Президент Сооронбай Жээнбековдун так позициясынын негизинде камсыздалды.

Биздин өлкөдөгү парламенттик демократия күнүмдүк процесстердин жүрүшүндө элдин кызыкчылыктарын билдирүү жана аны жүзөгө ашыруу тажрыйбасына ээ болуу менен катар дагы да болсо чыңдалуу мезгилинен өтүп жатканын түшүнүп турабыз. Жогорку Кеңеш мурда ата мекендик экономикага кесепети тие турган саясий оюндардын ордосу болуп келгени эсибизде. Кээде өлкө бюджетине олуттуу кыйынчылыктарды жараткан популисттик чечимдер кабыл алынышы мүмкүн болчу. Фракциялык жыйындар партиялык кызыкчылыктарга жетишүү үчүн ачык түрдө опузалоого жеткени, ал эми эл өкүлдөрү Өкмөттүн ишине гана эмес, жада калса, айрым ишканалардын операциялык ишмердүүлүгүнө кийлигише алат болчу.

Парламенттик күч ич ара министрлик орундар жана башка кызматтар үчүн ачык эле соодалашып, бөлүштүрүп келгени депутаттардын гана эмес, кеңири коомчулуктун да эсинде. Толук негизсиз жана экономикалык эсептөөлөргө ылайык келбеген демилгелер көп кездешчү. Мындай парламентти жаңылыштык менен күчтүү деп атагандардын пикири түшүнүксүз.

Учурда ал тургай чоң сынчылар акыркы жылдары мындай нерсени элестетүү мүмкүн эместигин моюнга алышууда – Жогорку Кеңеш өкмөт менен конструктивдүү кызматташууну камсыз кылууга, биздин демилгелерибизди колдоого жана аткаруу бийлигинин ишине объективдүү парламенттик көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылып жатат. Айрым социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө көпчүлүк парламенттик коалиция гана эмес, оппозиция дагы колдоо көрсөтүүдө. Депутаттар Өкмөт мүчөлөрү менен дайыма байланышта болуу жана көйгөйлүү маселелерди чечүүгө түздөн-түз катышуу аркылуу натыйжага жетишүүгө багыт алышкан. Мындай конструктивдүү маанайдын жаралышында өзгөчө ролду, албетте, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, көпчүлүк коалициянын лидери жана парламенттик фракциялардын жетекчилери ойнойт. Ал ар дайым Өкмөттүн ишине объективдүү жана калыс баа берүүгө аракет кылат. Төрага Өкмөттүн ишине баа берүүдө обьективдүү жана калыс болууга аракет кылат. Дастан Жумабеков маанилүү делген маселелерди парламенттин башкы трибунасынан гана көтөрбөстөн, айтылган маселелер боюнча жумушчу процессте байланышканыбызда Өкмөт башчы катары мага айтып турат. Бул, албетте, парламент төрагасы менен тремьер-министрдин позициясы дайыма дал келет дегендик эмес. Бирок үзгүлтүксүз пикир алмашуу жана кээде кызуу талаш-тартыштар келип чыккан көйгөйлөрдү тез арада аныктоого жана аларды чечүүнүн сапаттуу чараларын иштеп чыгууга оң таасирин тийгизет деп ишенем.

Биздин мындай деңгээлдеги өз ара кызматташтыгыбыз Жогору Кеңеш жана жарандар үчүн маанилүү болгон бардык маселелерди принципиалдуу жана ачык талкуулаган күчтүү лидерлердин жыйыны экенин тастыктайт. Мен азыркы күндө парламентте жаратман күч бар экенин ишенимдүү айта алам, анткени фракциянын кызыкчылыктарынан жана жеке амбицияларынан кечип депутаттар мамлекеттик кызыкчылыкты илгерилетүүгө (көздөөгө) умтулушууда. Алар мамлекетти чыңдоо – биздин жалпы милдетибиз экендигин түшүнүшөт. Бул Өкмөт мүчөлөрүнүн урматтоосун пайда кылып, оңдуу иш маанайын жаратат.

Өлкөдөгү бүгүнкү абал, биринчи кезекте, COVID-19 инфекциясына каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшкө жана жарандарды жана ишкерлерди колдоо боюнча күч-аракеттерге байланыштуу абал Жогорку Кеңештен жана Өкмөттөн өлкөдөгү экономикалык акивдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча посткризистик мындан аркы биргелешкен ишти жана күчтүү эркти талап кылат. Биз депутаттар мындан ары карай мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Өкмөттүн демилгелерине колдоо көрсөтөт деген ишенимдебиз. Анткени, коронавируска каршы күрөшүү чараларын ыкчам мыйзамдык коштоолор аркылуу гана негизги чакырыктарга каршы туруп жана инфекциянын кеңири жайылышынын алдын ала алдык. Эми биздин алдыбызда экономиканы колдоого алуу жана өнүгүүнүн бурулуш этабында экономиканы ыкчам калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүү боюнча биргелешкен иш турат».