Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады, — деп маалымдайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Кымбаттуу энелер!

Баарыңыздарды бүгүнкү Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Биз эзелтеден бери энелерге ыйык сезимди, терең сый-урматты ыроолоп келген элбиз.

Өлкөбүздүн азыркы жана келечек турмушунда энелердин орду өзгөчө бийик.

Энелер — жашоонун башаты, үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен, коломтонун ээси, коомубуздун уюткусу, жалпы мекенибиздин куту.

Жаштарыбыздын руханий көрөӊгөсү, мекенге болгон сүйүүсү, атуулдук сезими — энелердин мээриминен башталат, алардын таалим-тарбиясына барып такалат.

Ар бир бала — эненин мээрими аркылуу өз элин, жерин, мамлекетин сүйөт. Мекенге болгон атуулдук сезим — энеге болгон сүйүүдөн башталат.

Энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо, аларды социалдык жактан колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты.

Энелик мээримин төгүп, коомубуздун эртеңкисин, мамлекетибиздин келечегин аныктай турган татыктуу балдарды тарбиялап жаткан апалардын ар бирине ыраазылык билдирем.

Урматтуу Энелер, майрамыңыздар менен! Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бактылуу жашоо каалайм!»