Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, БУУ менен тыгыз кызматташтыкта, “Spotlight” (Жарыктын нуру) демилгесинин алкагында аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрүн жок кылууга багытталган узак мөөнөттүү глобалдык демилгесин ишке ашырууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Программа ишке киргизилгенден тартып, пандемия абалында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын-алууга же чечүүгө багытталган көптөгөн демилгелер ишке ашырылды. Ишенимдүү ыкчам байланышуу телефондорунун ишмердүүлүгү күчөтүлдү.

Бүгүнкү күндө, психологдордон, үй-бүлөлүк терапия боюнча психологдордон жана балдар психологдорунан кеӊеш алуу үчүн чалууларды кайра багыттоочу 111, 112 ишеним телефондору иштеп жатат.

«Жарандардын эркин жүрүү укуктарын чектеген өзгөчө кырдаалдар жана кризистер кырдаалдар учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга тез арада ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн мобилдик топторду түзүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Аялдар үчүн коопсуз жайлар уюштурулуп, ал жерден медициналык, психиологиялык жана юридикалык жардамдар көрсөтүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.