Ошто шаарында коомдук транспорт качан ишке кире турганы туурасында Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев бүгүн, 16-майда маалымат жыйынында буларга токтолду.
Анын айтымында, коомдук транспорт кызматы өзүн-өзү каржылаган мекемеге кирет.
“Учурда 10 айдоочу гана милиция кызматкерлерине бөлүнүп берилген 5 автобусту тейлеп иштеп жатышат. Калган айдоочулар акысы төлөнүп берилбеген эмгек өргүүсүнө чыгышкан. Ал эми коомдук транспорттун ишке кириши же кирбеши 20-майдан кийин штабдын ишинде каралат”, – деп билдирди Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев.